БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 162 адамдан коронавирус чыкты, ал эми 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдын берген маалыматында айтылат.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 83 430га жетти.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Ушуну менен жугуштуу ооруну 79 373 киши жеңди.
Тилекке каршы, кечээ Бишкектен эки бейтап оорудан каза болду. Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда жалпы 1 392 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарда 726 бейтап дарыланууда. Анын 12синин абалы канааттандырарлык, 449у орточо, 225и оор, ал эми 40ы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1010 бейтап бар.