23-январдан тарта Кыргызстанга чет өлкөдөн киргендердин ПЦР-анализи болушу керек

Өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?
Кыргызстандын чек арасын автомобилдик пунктулар аркылуу кесип өтүүдө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-анализи терс чыккан маалымдама суралат. Ошондой эле дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сакталышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат. Байланышта болгон жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.