Жумасына эки жолу. Кувейт — Бишкек — Кувейт аба каттамы ачылат

5-февралдан тарта ачыла турган каттам жумасына үзгүлтүксүз эки рейс аткарат. Жүргүнчүлөрдү Jazeera Airways авиакомпаниясы ташыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Кувейт — Бишкек — Кувейт жаңы үзгүлтүксүз аба каттамын ачууну пландоодо. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Ага ылайык, каттамдын алгачкы рейси 5-февралга белгиленген.
Жүргүнчүлөрдү кувейттик Jazeera Airways авиакомпаниясы ташыйт.
Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөрү айтылды.