БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте бүгүн эртең менен маршруттук чакан автобустар штаттык режимде ишке чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын жаңы жетекчиси Таалай Акматбаев билдирди.
Анын айтымында, бул башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жасалган мониторинг учурунда алынган алдын ала маалымат.
"Саат 7:00дө 900 маршрутка ишке чыкканы белгилүү болду. Транспорттун тартыштыгы байкалбайт. Жүргүнчүлөр арасында дагы ажиотаж жок. Бүгүн күн бою мониторинг кылып турабыз", — деди Акматбаев.
Эске салсак, 18-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.