БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Жозеф Байден саламаттык сактоо министринин жардамчылыгына трансгендер Рейчел Левинди сунуштады. Бул тууралуу Sputnik радиосу Associated Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Учурда Левин Пенсильвания штатынын Саламаттык сактоо департаментинин башчысы болуп иштейт.
"Доктор Рейчел Левин пандемиядан чыгышыбыз үчүн азыр биз муктаж болуп жаткан туруктуу лидерлик жана зарыл болгон тажрыйба менен камсыз кылат. Өлкөбүз кыйын абалда турган кырдаалда расага, динге, жыныстык ориентациясына, жынысына жана майыптыгына карабай коомдук саламаттык сактоонун муктаждыгын жөнгө салат", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.
Байдендин инаугурациясы бүгүн, 20-январда, болот.