Аравандагы өрттөн 38 жаштагы киши каза болду

Төлөйкөн айылынын Алик-Ата көчөсүндөгү турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. ӨКМ кырсыктын себеби такталып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кечээ Ош облусундагы Араван районунда турак үйдөн өрт чыгып, 38 жаштагы адам түтүнгө ууланып көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө кырсык Төлөйкөн айылынын Алик-Ата көчөсүндө болгону, өрттүн кесепетинен үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөндүгү айтылат.
Министрликтен кырсыктын себеби такталып жаткандыгын кошумчалашты.