111 жашка чыккан аксакал узак жашоо сырлары менен бөлүштү

Крюгер өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Ошондой эле ал тамашаны жакшы көрөрүн жашырган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.