УКМК Ветинспекциянын мурдагы башчысы Жумакановду экинчи ирет кармады

Мекеме башчысы Калысбек Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Бирок ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармап, тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Алгачкы жолу Жумаканов УКМК тарабынан былтыр октябрда кармалган. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. Мамлекетке болсо 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт
УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Ошондой эле кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн.
Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн кишилерди жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылып турганы аныкталган. 
Тергөө уланууда.