4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт

Финполдун өкүлү 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкекте ондон ашык кыймылсыз мүлккө ээ болуп, бир катар курулуштарды каржылаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу комитет кабарлады.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз байыган деп кармады
Маалыматка ылайык, Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу жетекчиси, майор 2014-жылдан тарта чоң кызматтарда иштеп жүрүп Ош менен Бишкектен 15тен көп кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Анын бардыгы жакын туугандарына катталган.
5000 доллар алып турган. Токой чарба башкармалыгынын кызматкери кармалды
Мындан сырткары, Ош шаарындагы 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушунун чыгымын көтөргөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келбей жатканы айтылат.
Финполдун башкармалыгынын башчысы кечээ кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.