Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирди табышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Түркия: мейманканада кармалган сойкулардын экөө кыргызстандык болуп чыкты. Видео
Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.