Карап туруп эле сүзүп алды. Токмокто адамды автоунаа койдуруп кеткен видео

Окуя 18-январь күнү саат 8.00дөр чамасында Шамсинская жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочу жол чийинден өтүп бара жаткан кишини кагып кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Токмок шаарында жөө адамдар өтчү жол чийинде өтүп бара жаткан кишини автоунаа койдуруп кеткен ирмемдер видеого түшүп калды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 
Окуя кечээ, 18-январь күнү, саат 8.00дөр чамасында Шамсинская жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Audi 100 үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочу жол чийинден өтүп бара жаткан кишини кагып кетет.
Бүгүн Facebook тармагына окуянын видеосу жүктөлдү. 
Маалыматка караганда, айдоочу токтобостон качып кеткен. Бирок милиция көп өтпөй ошол эле шаардын 62 жаштагы тургунун шектүү катары кармады. Тергөө иштери уланууда.
Бир нече жаракат алган жабырлануучу ооруканада.