Түндө жана таңда чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алды

Адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган. Учурда өрттүн себептери такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", —  деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.