Министр: КР Pfizer вакцинасын албай калды, Россиядан 500 миң доза күтүп жатабыз

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.
"Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Аларды сактай турган атайын муздаткычтар керек болуп чыкты. Азыр бул маселе менен Финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок", — деди Бейшеналиев.
Эфир учурунда угармандан россиялык "Спутник V" вакцинасы эл арасында ишеним жаратып жатканы тууралуу жана аны алып келүү боюнча суроо берилди.
Норвегияда Американын Pfizer вакцинасын алган 23 киши көз жумду
"Россия президенти Владимир Путинге КР президентинин милдетин аткаруучунун жана төраганын атынан 500 миң доза вакцина сурап кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө макул болгон. Бул маселе жакын арада чечилет. Россиялык вакциналардын артыкчылыгы -2 градустан -20 градуска чейин сактала турганы бар экен. Аларды 2-3 айдын ичинде алып келип калабыз", — деди министр.
Ал ошондой эле Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин белгиледи.
Кыргызстандын коңшусу Казакстан 1-февралдан тарта коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди эмдей тургандыгын айтты.