Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?

Төрт министрлик жана "Манас" эл аралык аэропорту, Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан чыккан буйрукка 13-январда кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги коронавирусту, анын ичинде жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө жана жайылтпоо максатында алгоритм иштеп чыккан.
Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Жолдор жана транспорт, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери "Манас" эл аралык аэропорту жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте буйрук чыгарып, ага 13-январда кол коюлган.
Алгоритм Бишкек, Ош, Ысык-Көлдөгү аэропортторго эл аралык каттамдар менен келген бардык адамдарга тиешелүү экени айтылды.
Аба каттамы менен келгендерге алгоритм:
Мындай алгоритм ички каттамдар менен жүргөндөргө да тиешелүү.
КРге транспорт менен келчүлөр үчүн алгоритм:
Кыргызстандыктардын да, башка өлкөнүн жарандарынын дагы тест тапшырган маалымкаты болушу керек. Бул эреже чет өлкөлүк элчилик, консулдук, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле ата-энелери менен келе жаткан 7 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Мындай документ эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан да суралбайт;
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Чек арадан өтөрдө санитардык-карантиндик пункттун дарыгерлери келгендердин баарын текшерет. Эгер оорунун белгилери байкалса, анда ооруканага жаткырышат, эгер байкалбаса коё беришет;
Ал эми оору табылган адам менен байланышта болгондор милдеттендирилген анкета толтуруп, үйүндө өзүн-өзү изоляциялоодо болушу керек же чек арада алынган тесттин жыйынтыгы чыккыча обсервацияда жатып турушу шарт.
Бул буйрук Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында да жайгаштырылган.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Адистердин айтымында, вирустун жаңы түрү мурдагыга салыштырмалуу тез тарайт.