Азия кубогунда алгачкы голду киргизген футболчу "Алай" клубуна алынды

26 жаштагы жарым коргоочу менен оштук команданын ортосундагы келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөнү айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Оштун "Алай" футбол клубу Кыргызстандын улуттук командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраиловду курамына алды. Бул тууралуу команданын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы футболчу менен команданын ортосундагы келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн.
Япониянын "Иокогама" клубу 54 жаштагы футболчу Миура менен келишимин узартты
Исраилов тарыхта Азия кубогу мелдешинде Кыргызстан улуттук командасынан алгачкы гол киргизген футболчу болуп саналат. 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн континенттик мелдештин тайпалык этабынын биринчи оюнунда ал Кытай командасынын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан.
Улуттук команданын жарым коргоочусу карьерасында Украинанын "Динамо Киев", "Динамо Киев 2" жана "Днепр Черкасс" командаларында ойногон. Мындан сырткары, Индиянын NEROCA, Индонезиянын PSIS Semarang клубдарынын намысын коргогон.