Бишкек: Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Иш-чаранын катышуучулары Ленинград курчоосунда калгандардын урматына орнотулган эстеликке гүл коюшту. Быйыл аталган тарыхый окуянын 78 жылдыгы белгиленип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
1 / 3
Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты
2 / 3
Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду
3 / 3
Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту
Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду.
Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту.
Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты.
Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты
"Кыргыз ССРинин жашоочулары фашизмди жеңүүгө абдан зор салымын кошкон. Бүгүн кайрадан жалпы душманга – коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн биригүү зарылдыгы пайда болду. Россия Кыргызстанга медициналык каражаттар, медициналык жабдуулар жана дарыгерлерди жөнөтүп, жардам берүүдө", — деген ал.
Монументке гүл коюлгандан кийин концерт болду.
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет.
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
Блокада туура 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1943-жылдын 27-январына чейин созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллион кишиге чейин деп айтылып келет.
1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүп салынган.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөн.