БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатып, рейстерди көбөйтүүгө аракет жасайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, ЖАА чартердик рейстерди тез-тезден жөнөтүп турууну өтүнмөкчү.
Учурда Бишкек — Москва каттамы боюнча жумасына бир эле рейс бар.
"Рейстер көбүрөөк болгондо гана баалар турукташат, бирок билет баасы пандемияга чейинки учурдагыдай болот деп кепилдик бере албайбыз. Себеби авиакомпаниялар көп чыгымга учурады. Ошол эле кезде билеттер азыркыдай кымбат болбойт", — деди Шаршеев.
Ошондой эле ал кыргызстандыктарга кайрылып, Россияга жумушка орношуу үчүн чакыруунун негизинде барууга болорун эскертти. Мындан сырткары, жарандын квалификациялык сертификаты болушу керек. Шаршеев жумуш таап берген агенттиктерге ишенбөөгө үндөп, мындай жол менен барган учурда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Москвага болгон авиабилеттер кескин кымбаттап кетти. Мисалы, жакынкы рейстердин билет баасы 40 миңден 50 миң сомго чейин жетет.