БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Коронавирустун жайылуу темпи боюнча Кыргызстан жашыл зонада. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин адистери коронавирустун аймактарда жайылуу темпинин картасын түзүшкөн.
Анда Чүй облусунан башка аймактардын баары сары зонадан жашыл зонага өткөнү айтылат. Ал эми кызыл зонада азыр бир да облус жок.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жалпы 83 178 адамдан табылды. Анын ичинен 79 104 адам айыгып, оору жуктургандардын 95,1 пайызы сакайган.
Маалым болгондой, жумасына оору жуктургандар репродукциялык сан менен 100 миңге карата 40ка жетсе, анда ал жашыл зонага кирет. Эгер 100 миңге карата 20дан 50гө чейин жетсе, анда сары зонада болуп эсептелет. Эгер репродукциялык сан 100 миңге карата 80ди көрсөтсө, анда кызыл зонага кирет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев буга чейин репродукциялык сан деген эмне экенин түшүндүргөн. Анда эгер бир киши бир эле адамга жуктургудай абал болсо, кырдаал турукташкан деп эсептелинет.