БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 95 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университети билдиргенин РИА Новости жазды.
Университеттин акыркы маалыматтарына ылайык, учурда коронавирус оорусун жуктургандардын саны 95 003 533 кишиге жетти. Алардын эң көбү АКШда катталып, 23,9 миллиондон ашат.
Дүйнөдө пандемиядан жалпысынан эки миллиондон ашык адам көз жумган. Ал эми 52,2 миллион киши ооруну жеңген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмду 2020-жылдын 11-мартында жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.