БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маршрутка айдоочуларынын иш таштайбыз дегенине байланыштуу кечки абалды байкаш үчүн Чүй проспектин, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүн көрүп келди.
Аялдамада маршрутка күтүп турган айрым шаардыктардын айтымында, бүгүн транспортту күткөндөрдүн саны башка күндөргө салыштырмалуу көп болууда. Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турган жүргүнчүлөрдүн саны 100гө жакындаган.
Бирок мэриянын маалыматы боюнча, автобустар менен троллейбустар штаттык режимде иштеп жатат. Коомдук транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев дагы маршрутка айдоочуларына байланыштуу окуя турукташканын билдирди.
"Бүгүн жумушка чыкпай койгон №117, 204, 128, 102 жана 139 линиясындагы айдоочулар менен сүйлөштүк. Алар ишке эртеңден тарта кайтмай болушту", — деди аткаминер.
Бейшенбаев аялдамадагы элдин көптүгү кечки жол тыгынга байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда.