"Бишкек автотранспорт ишканасынын" жетекчилиги 6,5 млн. сом кымырганы аныкталды

Эки кылмыш ишти кошкондо мекеменин кызмат адамдары мамлекетке 6,5 миллион сом зыян келтиргени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Октябрь райондук прокуратурасы мэриянын алдындагы "Бишкек жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын" жетекчилиги бюджеттен 5,25 миллион сом кымырып алганын аныктады. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалдык мекеменин кызмат адамдары финансылык-бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен өзүнө акча ыйгарып алышкан. Мунун айынан мамлекетке ири суммада зыян келтирилген.
Аталган факты Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") КЖБРге катталган. Азыркы тапта сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
"Манас" аэропортунда жооптуу кызматкерлер 135,6 млн. сом жоготкону аныкталды
Мындан сырткары, ишкананын кызмат адамдары автобустарды оңдоо үчүн тетиктерди сатып алууда "Р" деп аталган компания менен атайлап пайдасыз келишим түзүлгөнү аныкталган. Мунун натыйжасында мамлекет тарткан зыяндын көлөмү 1 285 958 сомду түздү.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 322-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") КЖБРге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.