Бишкекте этникалык стилде арт-объект пайда болот. Сүрөтү

"Ынтымак-2" жаңы паркынын курулушу али бүтө элек. Ал жакта амфитеатр да салына турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. Борбор калаадагы "Ынтымак-2" жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Борбор калаадагы "Ынтымак-2" жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот
2 / 2
"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын адистери театрда орундуктар үчүн темир конструкцияларын коюшкан
Белгилей кетсек, жаңы парктын курулушу али бүтө элек. Ал жакта амфитеатр да салына турганы айтылды.
"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын адистери театрда орундуктар үчүн темир конструкцияларын коюшкан. Учурда паркта фонтан жасоо боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду.
Мындан сырткары, кыргыздын улуттук музыкалык аспабы болгон комуздун беш метрлик темир конструкциясы дагы даярдалган.
Учурда паркта фонтан жасоо боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду
Жаңы парк Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги (Түштүк магистраль) "Ынтымак" паркынын уландысы болушу керек. Анын жалпы аянты 8,4 гектарды түзөт.