Бишкекте айрым маршруткалардын айдоочулары жумушка чыккан жок

Мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн канча транспорт каттамга чыкпаганын, канчасы иштеп жаткандыгы тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. Борбор калаада айрым маршруткалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Буга чейин алар бүгүн иш таштай турганын айтышкан.
Насыябыз бар, жети күн эс албай иштейбиз! Маршрутка айдоочуларынын арыз-муңу
Мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн канча транспорт каттамга чыкпаганын, канчасы иштеп жаткандыгы тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.
"Бишкек сегодня" Telegram-каналында шаардыктар маршрутка күндөгүдөн азыраак каттап жатканын билдирүүдө. Бир саат мурда каттамга чыккан маршруткалар көбүрөөк болчу, уламдан-улам азайып баратат. Шаардыктар айдоочулар бири-бирин көзөмөлдөп иштетпей жатышы мүмкүн деген пикирди да айтышууда.
Белгилей кетсек, маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган.