Радио

Мамытов: электрондук акча менен санарип акча эки башка

Экономика министринин кеңешчиси Улукман Мамытов өндүрүштөр аралык кызмат көрсөтүү жана товар алмашууда санарип акчаны колдонуу боюнча демилге көтөрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Санарип акча менен өндүрүштү өстүрүп, экономиканы көтөрсө болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, санарип акчаны колдонуу боюнча долбоорду сынамык түрүндө киргизүү демилгеленип жатат.
"Коомчулукта электрондук акча менен санарип акчанын айырмасын түшүнгөндөр аз. Маселен, электрондук акчаны накталай түрдө алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми санарип каражатты накталоого болбойт. Аны күнүмдүк турмушта соода тегеретүүдө да колдоно албайбыз. Санарип акча өндүрүштөр аралык кызмат көрсөтүү жана товар алмашууда айлантылат. Ошондой эле мамлекет менен өндүрүш компаниялардын ортосундагы салык, соцфонд сыяктуу ар кандай төлөмдөр дагы санарип акча аркылуу жүргүзүлөт. Мисалы, кайсы бир компания мамлекеттин тапшырыгы менен мектеп кура турган болсо, ага санарип акча берилет. Компания ал каражатка цемент, кирпич, куруу материалдарын сатып алат. Ал эми санарип сомго соода кылган өндүрүштөр мамлекетке төгө турган төлөмдөрүнөн ошол акча аркылуу кутулса болот. Натыйжада өлкөдө акчанын көлөмү көбөйүп, өндүрүштүн өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал санарип акча өлкө ичинде гана колдонулуп анын кепили катары мамлекет турарын кошумчалады.