Радио

Байгончоков: мамлекеттик ипотекалык насыялардын үстөк пайызы төмөндөтүлдү

Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков 2020-жылдын 31-декабрындагы өкмөттүн буйругуна ылайык, мамлекеттик ипотекалык насыя 7-9 пайыздык ченден 6-8 пайызга төмөндөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Ипотека алууда пайыздарды төмөндөтүү шарты кардардын алгачкы төккөн төлөмүнө жараша эсептелет. Мисалы, баштапкы төлөм катары жалпы сумманын 10 пайызы төлөнсө, анда сегиз пайыздык ченем менен насыя берилет. Мындай маалыматты Мирланбек Байгончоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин колдоо үчүн республикалык бюджеттен сырткары башка тараптардан инвестицияларды тартуу каралууда.
"Мамлекеттик ипотекалык насыя буга чейин 7-9 пайыз болсо, өкмөттүн буйругуна ылайык, 6-8 пайызга төмөндөтүлдү. Башкача айтканда, бир пайызга ылдыйлады. Мындан тышкары, Экономика министрлиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания биргелешип өнүгүү концепциясын даярдады. Анда ипотека боюнча жеңилдетүүлөр да каралышы мүмкүн", — деди Мирланбек Байгончоков.
Аткаминер Германия мамлекети менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга гранд катары 10 миллион евро каражаты берилгенин кошумчалады.