18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Видео

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы түз эфирде маршрутка айдоочулары менен сүйлөшүп, алардын пландалып жаткан иш таштоосу боюнча оюн укту.
Sputnik
Эске салсак, Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары 18-январда жумушка чыкпай калышы ыктымал. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.