Дарыгер коронавирустан дагы коркунучтуу эпидемияны атады

Медик белгилегендей, жер жүзүндөгү калктын 40 пайызы ашыкча салмактан жабыркашат. Бул кант диабетине, инфаркт, инсульт жана онкология ооруларына алып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Семирүү эпидемиясы коронавирус пандемиясынан дагы коркунучтуу. Бул тууралуу дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринен айткан.
Медик белгилегендей, жер жүзүндөгү калктын 40 пайызы ашыкча салмактан жабыркашат. Бул кант диабетине, инфаркт, инсульт жана онкология ооруларына алып келет.
"Бир жылда коронавирустан 1,5 миллион адам каза болсо, 10 миллион киши ачарчылыктан, ал эми 20 миллион адам ашыкча салмакка байланыштуу көз жумган", — деген медик.
Ал ата-энелердин адаттары кийин баласынын семирип кетүүсүнө алып келерин айткан.
"Эгер энеси чылым чексе, кийин баласынын семирип кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Ошондой эле ата-энелердин бирөө ашыкча салмактан жабыркап жүрсө, бала өмүр бою семирип кетүү коркунучунда болот", — деген Мясников.
Россиядагы эң толук аял эки жылда 150 килограммга арыктады. Сүрөт
Дарыгердин айтымында, энесинин диабети болсо, ал баласынын салмагына таасир этиши ыктымал.
Мындан сырткары, жаңы изилдөөлөргө караганда, семирүүнүн себеби вирустук инфекция да болушу ыктымал.
Мясников семирип кетпөөгө жардам бере турган үч эрежени атады. Алар: