Гвинея президенти COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырды

Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада президент өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен Гвинея президенти Альфа Конде коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын алгандыгын "Известия" кабарлады.
"Мамлекет башчы менен кошо өкмөттүн мүчөлөрү да "Спутник V" вакцинасын алды", — деп жазган басылма.
Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада Альфа Конде өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.
Россиянын "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды
Сюжетте мамлекеттин башчысы коронавируска каршы күрөштө жарандарга үлгү болгон кадам жасаганы айтылган. Портал эмдөө сынамык вакцинациялоонун экинчи этабынын алкагында болгонун кабарлаган.
Гвинея Африка өлкөлөрүнүн ичинен "Спутник V" вакцинасын колдоно баштагандардын бири болду. 30-декабрда аталган өлкөнүн жогорку кызматта турган жетекчилеринин тобу россиялык вакцинаны сайдырышкан.
Россия лиреди Владимир Путин 11-августта Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталган. Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган. Учурда аны өз жарандары үчүн алууга ынтызар болгон мамлекеттердин саны арбып бара жатат.