Бишкектеги Алтын-Ордо конушунда чыккан өрт өчүрүлдү

Тилсиз жоо тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 13:00 чамасында түшүп, ага эки бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 
Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.