БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жана шаршембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз кар жаайт. Бирок бейшембиде кайра күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй, Талас облустары
18-19-январда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 20-январда кээ бир райондордо кар жаайт. Деген менен 21-январда кайра эле күн ачылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
18-январда күн ачык болот, 19-январда тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абаддын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 21-январь күнү жаан жаабайт.
Ысык-Көл облусу
18-19-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бирок күндүз тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. 20-январда кээ бир райондордо кар жааса, 21-январда кайра күн ачылат.
Нарын облусу
18-19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарга кар түшөт.
20-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 21-январда жаан-чачын болбойт.
22-23-январь күндөрүнө карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган божомолу
22-23-январда аба ырайы өзгөрүп турат. 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. 22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 23-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы төмөндөйт.