"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда

Сынак Бангладештин борбор калаасында 16-24-январь күндөрү өтөт. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" кинокартинасы XIX Дакка эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти.
Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратты. Фильм ак-кара түстө тартылган.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.