Улукбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев... Балбандар мелдешке даярданууда

Жакынкы айларда атлеттердин Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге катышуусу күтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Бишкекте машыгуу өткөрүп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Чемпион Улукбек Жолдошбеков балбан Мээрим Жуманазарованын эжесине үйлөндү. Сүрөт
Балбандар 30-январга чейин машыгат. Ага жалпысынан 23 спортчу тартылган. Арасында белгилүү балбандардан Улукбек Жолдошбеков, Алмаз Сманбеков, Эрназар Акматалиев, Атай Изабеков, Алигаджи Гамигаджиев жана башкалар бар.
Спортчуларды Сүймөнкул Таабалды уулу менен Руслан Мажинов машыктырат. Улукбек Кыдыев  ден соолугуна кам көрөт.