Жерге жыгып муунтуп... Мушкер Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF уюмундагы беттешин утту

Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашкан. Беттеш мелдештин жогорку кардына коюлган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF & KREPOST биргелешкен мелдешиндеги кезектеги беттешин мөөнөтүнөн мурда утту. Беттештин видеосун ата мекендик бир катар спорттук пабликтер жарыялады.
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык Жагонгир Саиджамалов менен кармашып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Мелдеш бүгүн Россиянын Сочи шаарында өтүп жатат.
UFC "Мушкерлер аралындагы" мыкты жеңиштердин видео топтомун жарыялады
Мушкерлердин беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган болчу.
Аталган мелдеште оор салмакта кыргызстандык дагы бир мушкер Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) промоушенинен чыккан.