Солк этпей... BRAVE CF мелдешине чыкчу КР мушкери көз караштар таймашында

Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкерлери Кубаныч Абдисалам уулу (жеңил салмак) жана Жыргал Чомонов (оор салмак) бүгүн BRAVE CF & KREPOST промоушендеринин биргелешкен мелдешинде беттешке чыгышат. Алардын атаандаштары менен көз караштар таймашын промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от BRAVE Combat Federation (@bravemmaf)
Кубаныч Абдисалам уулу тажикстандык  Жагонгир Саиджамалов менен кармашат. Кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер мушкерлердин көз караштар таймашына чыккан видеосун жарыялашты. 
Ал эми оор салмакта Жыргал Чомонов россиялык Константин Ерохин менен беттешет.
Мелдеш Сочи шаарында өтөт. Кыргызстандык эки мушкердин тең беттеши турнирдин жогорку кардына коюлган.
Эске салсак, учурда UFC уюмунун "2020-жылдын ачылышы" наамына татыган мушкер Хамзам Чимаев да дал ушул BRAVE CF промоушенинен чыккан.