COVID биринчи катталган Жалал-Абадга 11 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт

Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылды
2 / 2
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы деле бар экенин белгилеп, пандемия шартында медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганын белгиледи.
Унааларды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал өткөн жылы коронавирус илдети эң алгачкылардан болуп Жалал-Абадда катталганын айтып, аны менен күрөшүүдө дарыгерлердин салымы чоң болгонуна токтолду. Министр өкмөттө бул багыттагы шарттарды жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.
"Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен алынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы деле бар экенин белгилеп, пандемия шартында медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганын белгиледи. Калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн заманбап тез жардам унааларынын тапшырылуусу кызматкерлердин да түйшүгүн жеңилдетип жатканын айтты.