Байдендин инаугурациясынын алдында Капитолий катуу кайтарууга алынды. Видео

Вашингтондо АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясына даярдык жүрүп жатат. Бул күнү коопсуздукту Улуттук гвардиянын 21 миңдей аскери камсыздай турганы күтүлүүдө.
Sputnik
Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп
АКШ бийлиги массалык башаламандык чыгып кетишинен кооптонууда. Анткени 6-январда Капитолийге президент шайлоодон утулганын мойнуна албаган Дональд Трамптын тарапташтары чабуул жасап, кесепетинен беш адам каза болгон.
Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү өтөт.