БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Финполдун Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмү тарабынан коронавируска ПЦР-тесттин жасалма бланкасын жасап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Финполдун Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмү тарабынан коронавируска ПЦР-тесттин жасалма бланкасын жасап жүргөн кылмыштуу топ кармалды.
© Фото / пресс-служба Финпола КР
кылмыштуу топтун адамдары коронавирус жок экенин көрсөткөн бланкаларды чыгарып, эч кандай анализ алып же медициналык кароодон өткөрбөй эле 3000 сомдон сатып келген
© Фото / пресс-служба Финпола КР
Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле ПЦР-тесттин жасалма бланкаларын жасап берген медициналык мекемени аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.