БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Республикалык бюджетти колдоо максатында ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 547 миллион сом келип түштү. Бул тууралуу Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Бул эсепке экономикалык мунапысты колдонуп жаткан ишкерлер жана бюджетти колдоо ниетин билдирген жарандар өз ыктыяры менен акча которот. Ошондой эле коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат дагы салынат.
"Укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлүп жаткан каражаттар да ушул эсепке келип түшөт. Бүгүнкү күндө 1 миллиард 547 миллион сом чогулду. Анын ичинен 1,4 миллиард сому Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов которгон каражат", — деди Амандыков.
Белгилей кетсек, УКМК Райым Матраимовду коррупцияга айыптап кармап, кийин ал эки миллиард сом төлөөгө макул болгонун негиз кылып үй камагына чыгарылган. Андан соң 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.