Өзбекстан аялдарды жатын рагынан сактоо үчүн улутук программа кабыл алат

Улуттук программанын негизинде өспүрүм кыздарга адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина сайылат. Мындай кадам кийин аларды жатын рагынан сактайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өзбекстан аялдардын жатын рагын эрте аныктоо боюнча улуттук программаны ишке киргизүүнү пландап жатат. Анын пилоттук долбоор катары айрым аймактарда иштей баштаганын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды. 
Бул аптада министрлик эл аралык уюмдардын биринен жатын рагына алып келе турган адамдын папиллома вирусун аныктоочу жабдууларды жана тест-системаларды алды.
"Улуттук программанын негизинде өспүрүм кыздарга адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина сайылат. Мындай кадам кийин аларды жатын рагынан сактап, жыл сайын бул диагноз менен 600 өлүмдү алдын алат", — деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, жатындын залалдуу шишиги аялдар арасында онкологиялык илдеттерден экинчи орунда турат. Жыл сайын бул дарт дүйнө жүзүндө 250 миңден ашык аялдын өмүрүн алат.