Пресс-борбор

Министрлик 2-3 жылда тышкы карызды толук төлөө үчүн кайдан акча табарын айтты

Азыркы тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 886 миллион доллардын чегинде турат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жаңы ишканалар ачылып, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу менен тышкы карыздан өз убагында кутулабыз. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди. 
Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында
Журналист андан Садыр Жапаров эки-үч жылдын ичинде тышкы карызды толугу менен төлөөнү баштай турганын айтканын эске салып, аны ишке ашыруу жолдорун сурады.
"Жакынкы эки-үч жылда өндүрүштөр ишке кирип, жаңы ишканалар ачылат. Инвесторлор тартылып, жумуш орундары түзүлөт. Анын арты менен экономика жанданат. Ошондой эле биз мекеме, ишканалар көмүскөдөн чыгарын болжоп жатабыз. Бул учурда кошумча ресурстар түшө баштайт, анын алкагында биз тышкы карызды төлөөнү баштайбыз", — деди Байгончоков.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 886 миллион доллардын чегинде турат.