Пресс-борбор

Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат

Инвесторлорго мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн алкагында шаардыктарды тейлөөчү автобустарды сатып берүү сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Муниципалитетте каражат жетишсиз болгондуктан мэрия ишкерлерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жаңы каттамдар үчүн автобустарды сатып алуу боюнча кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде мэриянын транспорт маселелери боюнча координатору Улан Бейшенбаев билдирди. 
Бишкек мэриясынын транспорт маселелери боюнча координатору Улан Бейшенбаев
Ал газ жана электр менен жүрүүчү экологиялык жактан таза автобустарга артыкчылык берилерин белгиледи.
"Биз ишкерлерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаарга элди ташыган автобустарды сатып бергиле деп кайрылабыз. Айрым талаптар бар: автобустун узундугу 10 метрден ашпашы керек, алар майып адамдарды ташууга да ыңгайлашкан болушу зарыл", — деди ал.
Бейшенбаев ошондой эле мэрия менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирген ишкерлер боло электигин да белгиледи.
Буга чейин баш калаанын транспорттук кызматкерлери инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын схемасын ачуу боюнча долбоор иштеп чыгышкан.