Мамдума төрагасы: АКШ шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнсө болот

Төрага Мамдуманын депутаттары январда ЖККУ жана КМШ Парламенттик ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандагы шайлоодо байкоочу болушканын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин АКШ ачык жана атаандаштык күч шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнсө болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Володин Мамдуманын депутаттары январда ЖККУ жана КМШ Парламенттик ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандагы шайлоодо байкоочу болушканын эске салган.
"Жыйынтыгында шайлоолор улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнү белгиленди. Иш-чарада атаандаштык күч болуп, таза өттү. Бул жагынан АКШ алардан сабак алса болот. Себеби Американын эски системасында көп нерсе жабык, эл аралык байкоочулар дагы жок", — деген Володин.
Дональд Трампка импичмент жарыяланды
Ал белгилегендей, учурда ЖККУнун жана КМШнын курамына кирген мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүндө шайлоо стандарттары өтө жогору.
Эске салсак, Кыргызстанда 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүлдү. Алдын ала жыйынтык боюнча, талапкер Садыр Жапаров 79,25 пайыз менен алдыда келе жатат.