Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды

Тергөө учурунда жабырлануучу шектүүнү тааныган. Кийинчерээк ал аял кармалган кишиге дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды
Факты боюнча топтолгон материал Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, тергөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү тааныган", — деп жазылат маалыматта.
Кийинчерээк жабырлануучу шектүүгө доосу жок экенин айтып, тосмо арызын жазып бергени маалым болду. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.