Ата албай калган камандан чаңырып жатып кутулган. Италиядагы аялдын видеосу

Италияда аңчылыкка чыккан аял мээлеген чочкосун ата албай, жакындап келген жырткычтан кыйкырып, мылтык менен койгулап жатып кутулган.
Sputnik
The Daily Mail бул окуя Сардиния аралында 10-январда болгондугун жазды.
Видео аялдын чочко жашынып турган карагай-черди көздөй мылтыгын мээлеп турган жеринен башталат. Бир аздан соң эки жолу ок чыгарып, ага тийгизе албай койгон аялды көздөй чуркаган каманды көрүүгө болот.
Шашып калып, ата албай калган аял жакындап келген жырткычтан мылтыгы менен коргонууга аракет кылып, кыйкырып, чаңырып жатканына күбө болобуз.
Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу
Чаңырган аялдын ачуу үнүнөнбү же мылтыктын сүрүбү, айтор, камандын бурулуп алып токойду көздөй чуркап кеткени да видеого түшүп калган.
Бул окуя интернет айдыңына тарап, көптөрдүн талкуусун жараткан.
Басылма интернет колдонуучулар бийликтен пандемия учурунда аңчылык кылууга тыюу салууну талап кылганын жазды. Эгерде ууга чыккандар жаракат алып, медиктерге кайрылса, ансыз да адам көп түшүп жаткан чакта ооруканада иштегендерге ашыкча түйшүк жаратат деген жүйөсүн келтиришкен.