Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди

Адистин айтымында, жаз өзүнүн өктөмүн кылат. Жаркырап тийген күн, тагыраагы, ультрафиолет нуру вирусту өлтүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коронавирустун жаңы чыккан учурлары жазында кайталанбайт, ал мезгилде калктын иммунитети жетиштүү деңгээлде туруктуу болуп калат. Андан сырткары, күндүн жылышы өзүнүн таасирин берет. Бул тууралуу РИА Новости медицина илимдеринин доктору, иммунолог-дарыгер, өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчуговго шилтеме кылып жазды.
"Жазында жаңы толкун (коронавирустун) болбойт. Иммундук катмарлар вирус кирбегендей болуп калыптанат. Кимдер оорушу мүмкүн? Жаңылар. Эмне үчүн кытайлыктар коркуп жатышат? Аларда аз киши ооруду, ал эми эл көп. Эгерде ал жактан кайрадан каптаса, бир топ эле катуу болот", — деди Жемчугов.
Андан сырткары, жаз өзүнүн өктөмүн кылат. Жаркырап тийген күн, тагыраагы, ультрафиолет нуру вирусту өлтүрөт.
Жемчугов буга чейин РИА Новостиге Россияда коронавирустун жуккан учурларынын төмөндөшү дагы эки аптага созуларын айткан. Анын айтымында, суук аба ырайы коронавирус үчүн анча деле жакшы эмес, көчөдө ал азыр дээрлик тарабайт.
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Адис абалга "британиялык штаммдын" таралышы деле анча таасирин бербейт деген ишенимин билдирген.
Өз учурунда биология илимдеринин доктору, вирусолог Алексей Аграновский суук аба вирустун таралышын азайтып же көбөйтүп жибербей тургандыгын, себеби инфекция негизинен сыртта эмес, жабык жерде жуга тургандыгын айткан.
Муну менен катар эле ал жылуу абада вирус алсырай тургандыгын кошумчалаган.