БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Балдардын "Ералаш" юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү Борис Грачевский 72 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Борис Грачевский — кинорежиссёр, сценарист, Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер. "Крыша", "Между нот, или Тантрическая симфония" фильминин режиссёру катары таанымал.