Мэрия: шаардын түштүгүнө парк, Көк-Жар конушуна мектеп курулат

Эки долбоор тең Азербайжандын каражатына ишке ашмакчы, ал эми мэрия жер участогун бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен кезикти. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. 
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен кезикти
Тараптар шаардын түштүк бөлүгүнө парк, ал эми Көк-Жар конушуна 550 орундуу мектеп курууну сүйлөшүшкөн.
Балбак Түлөбаев Ак-Өргөнүн 5 гектар жерине парк салына турганын айтты
Аянты 5,5 гектар болгон паркта фонтан, декоративдүү бассейндер, ачык амфитеатр, беседка жана балдар аянтчасы болот.
Белгилей кетсек, эки долбоор тең Азербайжандын каражатына ишке ашмакчы, ал эми мэрия жер тилкесин бөлүп берген.
Мындан тышкары, шаардын түштүк тарабында, тагыраагы, Дайыр Асанов атындагы паркта бул өлкө каржылаган дагы бир коомдук жай курулары айтылды.
Балбак Түлөбаев шаардын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуп жатканы үчүн Азербайжан элчисине ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтык алаканын өсүшүнө ишеним арткан.