Былтыр Баткенде 1000дей ишкер мамлекеттен жеңилдетилген насыя алды

2021-жыл үчүн каржылоо башталганга чейин жеңилдетилген насыя алууну каалагандар азыртадан банктарга барып, адистерден кеңеш алып, кезекке турса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Баткен облусунда мамлекеттен жеңилдетилген насыя алгандардын саны бир миңге чукулдады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Көрсөткүчтөргө ылайык, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалангандардын жыл сайын катары көбөйүүдө.
2019-жылы облуста мамлекеттен 547 ишкер 193 миллион 353 миң сом насыя алган болсо, былтыр бул көрсөткүч эки эсеге өскөн.
2020-жыл ичинде облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер, мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
"6-10 пайыз үстөгү бар насыялар мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектилерин каржылоого берилген. Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен 41 миллион 192 миң сомго лизингге техника алган. Багбанчылык үчүн 103 ишкерге 43 миллион 275 миң сом, 772 ишкерге мал чарбасы үчүн 310 миллион 25 миң сом насыя берилген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 10 ишкер кайра иштетүү багытында 18 миллион 500 миң сомдук насыя алып, чакан ишкердик башташкан.
Мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында 2021-жыл үчүн берилүүчү насыяларды каржылоо башталганга чейин каалоочулар азыртан аталган банктарга барып, адистерден кеңеш алып, кезекке турса болору эскертилди.