Түштүк магистралда жеке менчик бала бакча өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео

Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүү бригадасы иштеп жатат. Күбөлөр өрт мекеменин морунан чыкканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Түштүк магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке менчик бала бакча күйүп жатат. Күбөлөр окуя болгон жерден сүрөт, видео жөнөтүүдө.
Кадрдан мекеменин чатырынан жалын чыгып жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр өрт мештин морунан чыкканын айтууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке  саат 17:32де чакыруу түшүп, бир бригада, 10 мүнөттөн кийин экинчиси чыгып кеткенин билдирди.
1 / 2
Бишкектин Түштүк магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке менчик бала бакча күйүп жатат
2 / 2
Кадрдан мекеменин чатырынан жалын чыгып жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр өрт мештин морунан чыкканын айтууда