"Түндүк электр": почта түйүндөрү эми электр кубаты үчүн төлөм кабыл албайт

Терминалдар, электрондук капчыктар, коммерциялык банктар, "Түндүк электрдин" кассалары почта түйүндөрүнө альтернатива болуп бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 14-январдан тарта "Түндүк электр" ишканасынын абоненттери "Кыргыз почтасынын" бөлүмдөрү аркылуу электр кубатына чыккан эсептерди төлөй алышпайт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.
Себеби — келишимдин аяктап калышы.
Эсептерди терминалдар, электрондук капчыктар, коммерциялык банктар, MegaCom компаниясынын сатуу жана кызмат көрсөтүү борборлорунан төлөөгө болот. Мындан сырткары, "Түндүк электрдин" Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы кассаларына кайрылуу мүмкүн экени айтылды.